super.kg logo

Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши 11-майга дайындалды

 

Бишкектеги үйлөрдүн биринен күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши 11-майга дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун канцеляриясынан билдиришти.

Кечээ, 27-апрелде Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук кароо болмок, бирок иш башка судьянын кароосуна өткөндүгүнө байланыштуу соттук кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы 18-августта кармалып, ал кылмышын моюнуна алып, күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин жиликтеп салганын билдирген. Айыпталуучу менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.04.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кийинкиси 3-июньга жылдырылды деп коёо бергиле да, баары бир жылдырылат...
28.04.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейт элек сотторубузга молодец дейбызда
28.04.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка айтканга соз калбай калды
28.04.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилеттүү чечим чыгарып беришин тилейбиз.
28.04.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен айткам мурункусундале сразуле жылдыргылаа деп. Уже 6чы жолу жылдырылтат!
01.05.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 11 майдан 11 июнга жылдырса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: