Өкмөт Жогорку Кеңеште ант берүүдө. Орус улутундагы вице-премьер-министр антты кыргыз тилинде берди (фото)










Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы курамынын ант берүү аземи өтүп жатат. Алгачкылардан болуп премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ант берди. Учурда вице-премьер-министрлер жана министрлер ант берип жатышат. Алардын берген антын өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алууда. Бул аземге Жогорку Кеңештин депутаттары күбө болушууда.
Аземдин жүрүшүндө орус улутундагы вице-премьер-министр Олег Панкратовдун антты башынан аягына чейин кыргыз тилинде бергени депутаттарды кубандырды.
"Мен, (аты-жөнү), (кызматтын аталышы) кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз Республикасынын элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн милдеттерди чын ниетимден жана талыкпай аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартам", - деп айтылат берген анттарында.
Өкмөт Жогорку Кеңеште ант берүүдө (28-апр. 2016)
Орус улутундагы чиновник кыргыз тилинде ант берди (28-апр.2016)

