super.kg logo

Өлкө аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарынын саны өсүүдө

 

Өлкө аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктары өсүүдө, акыркы 3 ай аралыгында алардын саны 25 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде маалымат жыйынында Жол-патрулдук милициясынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

"Акыркы убакыт аралыгында өлкө аймагында уруксатсыз унаа башкарган өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары көп катталууда. Бүгүнкү күндө кырсыктардын алдын алуу боюнча бир катар аракеттер көрүлүп жатат. Шаар ичинде видеокамераларды орнотуу менен коопсуз шаарды камсыздай алабыз. Жакында шаар ичинде 500 даана видеокөзөмөл орнотулат. Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлерине катуу талаптарды коюп, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат кылуусун талап кылып жатабыз", - деди Ы.Саркулов






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.04.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет...
28.04.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочулук куболукту саткыла да анан артынан кырсыктар кобойуп жатат деп? Окунучтуу жоопкерчилик жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: