super.kg logo

Кыргыз жерине малайзиялык мугалимдер жана окуучулардан турган делегация келет

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин уюштуруусу менен 2016-жылдын июль айынын соңунда кыргыз жерине малайзиялык окуучулардан жана мугалимдерден турган делегация келет. Делегация кыргыз мамлекетиндеги мектеп окуучулары менен бирге Ысык-Көлдө жайкы эс алуу күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү, маданият жаатында тажрыйба алмашуу жана өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо. Делегация Ысык-Көлдө бир апта жүрүп, малайзиялык мугалимдер жаратылыш коюнунда кыргызстандык окуучуларга англис тилинен сабактарды өтүшөт. Чет элдик делегация менен бирге көл жээгинде эс алууга республикадагы бардык райондордон, Бишкек жана Ош шаарларынан 12-15 жаштардагы бирден окуучу тандалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.04.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кош келиниздер Урматтуу коноктор!
Куностуу Кыргызстаныбыздын ажайып табияты, элибиздин меймандостугу Сиздердин конулунуздордон жылуу тунок тапсын.
28.04.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми откондогудой уят болбой жакшы тосуп алгыла,эн жакшы мектептерге,кооз жайларга алып барып,жакшы мейманкаларга жайгаштырып дегендей...
28.04.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн жакшы малазиядагы элчилигибиз эн жакшы иштеп жатат азамат экенсиз
28.04.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылычбек Султанов кыйын киши экен азаматсыз ушул кишини чонойтуш керек премьер министр же маданият министри кылып. Былтыры уят болгон элек келгенде эми жакшы тосуп алгыла окуучулар келет экен калган окуучуларга айтып барсын жакшы жактарыбызды.
28.04.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул мугалимдер кимдер экен.... Тушунуксуз...Кыргыздарга идеологиясын жайылткандар кобоюп кетти..кайсы агым кайсы кайсы ..суроолор коп...
01.05.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы ал жерде уят кылды,бул жерде жакшы кабыл албады деген макалалар чыгат экенда))) Бирок кош келиниздер жергебизге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: