КҮНСЕРЕП: Бишкектин негизделген күнүнө табият "сюрприз" тартуулады
Бүгүн, 29-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарынын 138 жылдыгы белгиленди. Концерттер, спорттук оюндар, жаңы ачылган бала бакчалар... Бирок мунун баарын табияттын борбор шаардын негизделген күнүнө "даярдаган сюрприздери" жууп кетти сыяктанат. Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө 8 дарак кулап, бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Текшерүүдө дарактардын алтоосу чирип калганы, экөөсү түбүнөн жулунуп кеткени белгилүү болду. Бишкектин Киев көчөсүндө бүгүн жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы кулап түшүп, тротуарды алып кетти. Имараттын каркасы жамгырдын кесепетинен улам кулаганын, учурда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышканын билдиришти. Майрамдык атмосфера ушундай...
Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК биргеликте "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзштү. Мекемелер аралык тергөө тобу “Кумтөрдөн” акчалардын жана активдердин мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишине далил документтерди издеген. Жаңы фактылар боюнча тинтүү жүрүшү мүмкүн. Башкы прокуратура бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.
Белгилей кетсек, сыртка мыйзамсыз акча чыгарып кетүүгө байланыштуу компания мурун айыпталган. “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Дилгер Жапаров "Кумтөр" ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен" деп айыпталып, 2015-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылганы белгилүү.
Ала-Бука районундагы Кажар айылынын тургундары Сирияга кетүү аракетин кылган айылдашын башка жакка көчүрүүнү талап кылышууда. Алар айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин депутаттарына кайрылышып, шектүү жаран менен бир айылда жашоодон кооптонуп жатышканын билдиришкен. Талапка жергиликтүү бийлик реакция кылды. Депутаттык комиссия түзүлүп, маселени иликтөөгө киришкенин бүгүн SUPER.KG порталына Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Мамадалы Парпиев тастыктады. Айылдыктар чочулаган Мавлюда Шарапова 2015-жылы "2 кызы жана небереси менен Түркия аркылуу Сирияга кирүүгө аракет жасаган" деп Түркиядан кармалып, кийин депортацияланган. Аны айылдан кууп чыгууга мүмкүн эместигин, чара көрүүнү айтып тийиштүү органдарга кат жөнөтөрүн айтат айыл өкмөт башчысы.
Бир адамды айылынан кууп чыгуудан көйгөй чечилбеси белгилүү. ИИМ менен УКМК аталган өлкөгө кеткендерди санап отура бербей, реалдуулукка жараша жаңы, согуш талаасын эңсеп жүргөндөрдү ойлонто турган катаал чараларды сунуштоого тийиш. Сирияга кеткендерди кайра Кыргыз Республикасынын аймагына киргизбөө сунушу айтылып жатканы менен, колдоо таба элек, балким, карап көрүү керектир. Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кыргыз жеринде 16 кишиден террордук топ түзгөн Гиесдин Жамолдинов өлкөбүзгө атайын тапшырма менен кайтып келгенин жыл башында маалымдаган. "Биздин топтун максаты - кыргыз жеринен Сириядагы согушка кетүүгө тоскоолдук жараткан "ахмадичилерди" жок кылуу", - деп билдирген кылмышка шектүү. Кыргыз жеринен 400-500дөй адам "Ислам мамлекетинин" катарында согушууга жөнөп кеткен деген маалымат бар. Алардын баары мекенине жаман максат менен кайтып келишсе эмне болорун азыртан ойлонуу зарыл.
кошулду



