Малайзиялык мугалимдер Ысык-Көлдө кыргыз окуучуларына англис тилин үйрөтүшөт. КРнын Малайзиядагы элчилиги район жана Бишкек, Ош мэриясынан бирден окуучу тандап берүүнү өтүнөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги малайзиялык мугалимдердин жана окуучулардын кыргыз жерине сапарын уюштурууда. Малайзиядан келген мугалимдер Ысык-Көлдө бир апта жүрүп, кыргыз мамлекетинин окуучуларына англис тилинен сабак өтүшөт. Элчиликтин билдиришинче, иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын достук мамилесин чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө.
Кыргыз Республикасынын ар бир районунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 12-15 жаштагы бирден окуучунун (2001-2004-жылы төрөлгөндөр) жайында Ысык-Көлдө малайзиялык жана кыргызстандык мугалимдерден англис тилин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Иш-чара спорттук оюндар, экскурсия, сейилдөө жана башка кызыктар менен коштолот.
Иш-чаранын шарттары:
- Райондук администрациялар, Ош, Бишкек шаарлары бирден окуучуну өздөрү тандашат.
- Катышуучуларда төмөнкү документтер болушу шарт: ата-энесинин нотариустан бекитилген ишеним каты, узак жол жүрүүгө, активдүү эс алууга каршы көрсөтмөсү жок медициналык справкасы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, жергиликтүү администрациядан сунуштама кат.
- Жергиликтүү администрациялар 2016-жылдын 31-майына чейин катышуучуларды тактап бериши керек.
- Жайкы эс алуу 2016-жылы июлда өткөрүлүп, 7 күнгө созулат.
- Чогулуу Бишкек шаарында болот. Тандалган ар бир окуучу Бишкекке өз алдынча келет.
- Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурган мурунку сынактардын жеңүүчүлөрү катыша алышпайт.
Уюштуруу тобу райондук администрациялардан жана Ош, Бишкек шаарларынын мэриясынан аталган иш-чарага бирден окуучу тандап берүүнү өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 96-16-00
Эскертүү! Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурган мурунку сынактардын жеңүүчүлөрү катыша алышпайт.

Э кызык, эми ушуну да жактырбаган адамдар бар! Тобоо!