super.kg logo

Бишкекте "банктардын биринен 40 миң доллар алып, 8 жылдан бери төлөбөй жүргөн" деп шектелген аял кармалды

 

Бишкекте "банктардын биринен 40 миң доллар алып, 8 жылдан бери төлөбөй жүргөн" деген шек менен 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен борбордогу банктардын биринин Т.Т. аттуу башчысы кайрылган. Ал 2008-жылы Ч. аттуу аял алдоо жолу менен насыяга 40 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты алып, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй жүргөнүн билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 51 жаштагы К.Ч. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүү бир нече кылмышка шектелип, иликтөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.04.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не Кыргызстанда банктар 40 мин доллар бере турган болуп калганбы?
29.04.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай эле банктар без залог ошончо сумма берип койду?Залогго алган кыймылсыз мулкун сатып жиберишет го банктар?8 жылдан бери кутуп отурушуппу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: