super.kg logo

Борбор калаада "алдамчылык жолу менен унааны тартып алган" деген шек менен 44 жаштагы шаар тургуну кармалды

 

Борбор калаада "алдамчылык жолу менен унааны тартып алган" деген шек менен 44 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 36 жаштагы Д.М. аттуу жаран кайрылган. Ал К. аттуу жаран ишенимине кирип, алдоо жолу менен Мерседес-Бенц 200 үлгүсүндөгү унаасын алып кеткенин билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №3-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы Т.К. аттуу тургуну кармалды. Кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: