super.kg logo

Тажикстанда орусча фамилия берүү токтотулду, эми жарандар “-ов”, “-ова” мүчөсү менен аяктаган фамилия ала алышпайт

 

Тажикстанда орусча фамилия берүү токтотулду, эми жарандар “-ов”, “-ова” мүчөсү менен аяктаган фамилия ала алышпайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эми жаңы документ алган ар бир жарандын паспортунда “-ов”, “-ова” деген мүчө менен аяктаган фамилия болбойт. Бул тууралуу чечим “Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизилген соң кабыл алынды.

Эми тажик жарандары нукура тажикче фамилия алышат. Анда фамилиялар “-ов, -ова” деген мүчө менен эмес, “-зод”, “-зода”, “-й”, “-иён”, “-фар” деген мүчөлөр менен аяктамакчы. Мисалы, Каримов эмес, Каримзод, Каримова эмес, Каримзода.

Мурунку фамилияны сактап калууну каалагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өлкөдө фамилияларды “тажикчелештирүү” жүрүп жатканы айтылат.

Кошумчалай кетсек, Тажикстанда орусча фамилия менен “коштошууну” өлкө президенти баштаган. 2007-жылы Эмомали Шарифович Рахмонов фамилиясын өзгөртүп, Эмомали Рахмон деген фамилия алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
29.04.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
биз дагы озгортушубуз керек!!!
29.04.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jeep9504,эл дурбусо эшек кошо дурбуйт
болбойлучу.
29.04.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jeep9504, биз тээ 90-жылдары эле өзгөрткөнбүз, уулу-кызы дегенди кошуп. Мен да озгортком, бирок азыр Россияда жашап, иштегениме байланыштуу, бир аз кыйынчылыктарды туудурат. Мисалы поликлиникада, иште, банкта жана ушул сыяктуу жерлерде, такыр фамилиямды окуй албай, атымды Уулу жеп жазып салган нерселер кездешет...
RUSLAN.KG түзөттү 2016-04-30 00:04:35
29.04.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сына сага эмгеге Эмомали Нобель сыйлыгына корсотулуп жатат десе,кеп бул жакта турбайбы.Орустардан калган мурастан баш ьаркандыгы учун.
29.04.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы кылган, биз Кыргыздар оз тарыхыбызды билсек , ошондогана Кыргыз тили онугот, Кыргыз онугот.
29.04.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин андан башка иштерибиз толтура ошолорду бутуруп алалычы ов,ова деген мучо деле жакшы
29.04.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондон башка иш жокпу каалагандар кызы,уулу деп жаздыра берет бизде бирок чет жакка балдарыбызды Окууга ишке жонотоордо кайра ов-ова кылдык го,,,
30.04.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус улутундагы тажик жарандарына жаман болот экен
30.04.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azura,алар деле өзгөртүп алышат да, Николайзод, Николайзода деп :-)
30.04.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кылып жатыптыр.Былтыр башка улуттун ысымын койсо куболук бербей турган болушкан.
30.04.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маалыматты Тажик бийлиги четке какты
30.04.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акмактын ишин кылып жатат жанаагы эмомали
30.04.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жиктен башка этностор жашайт ал жерде алар эмне кылышат ачык эле акмакчылык башка этностук улуттарды басмырлоо же тажик кылуу аракети бул кылган иштери адам укуктарын басмырлоо дегендик
02.05.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз мекенине хан боло алат экенда рахмон уллуттук фамилиясына откоруп жатат а бизде кайра орусчага откоросунго ов же ова кылып озубуздукун кылган жакшыда бул деле улутттун жузуда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: