super.kg logo

Ош. Мэр акчаны сарамжалдуу пайдаланбаган мекеме-ишканаларга акчаны калыбына келтирүүнү буйруду

 

Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, КРнын Өкмөтүнө караштуу ишканалардын шаардагы бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, жыйында үч маселе каралды. Алгач Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары жана экинчи кварталындагы милдеттери туурасында сөз болду. Андан соң Эсептөө палатасынын 2014-жылдын жана 2015-жылдын жарым жылдыгынын бюджеттик түзүлүшү жана акча каражаттарды пайдалануу боюнча маалымат берилди. Ошондой эле калктын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер айтылды.

Күн тартибинде каралган биринчи жана экинчи маселелер туурасында вице-мэр Замирбек Аскаров баяндады.

“Биринчи кварталдагы социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчүндө өсүш бар. Өткөн жылга салыштырмалуу 106 пайызды түздү. Ал эми салык маселесинде болсо 3 миллион сомго жакын акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшпөй калды, анткени сатуудан түшкөн салыкты өз ставкасы менен берүү токтому чыккан. Учурда бюджетти толуктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жарым жылдыктын жыйынтыгында салык жаатында да көрсөткүчтү жогорулатабыз”, - деди З.Аскаров.

Ошондой эле КРнын Эсептөө палатасы Ош шаарындагы 39 мекеме-уюм жана 8 өзүн өзү каржылоо муниципалдык ишканаларында текшерүү жүргүзгөн. Бүгүнкү коллегиялык жыйында бул маселе каралып, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев каржы маселесиндеги сарамжалдуу пайдаланбаган айрым
мекеме-ишканаларга каражаттарды калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Баяндамачылар бүткөн соң коллегиянын токтому бекитилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.05.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкасын билбейм ушу жолдорду ондоп коюшса жакшы болмок, мин жамак Бир чункурдан качам деп эки чункурга тушосун. Болгону Бир чон проспекти бар борбордук кочо масалиев проспектиси Оштун кузгусу болгон жолдун акыбалына мышык деле ыйлагысы келбей калган, айласын таап жаны эле асфальт басып коюшса грант караштырып бюджеттен акча болуп кытайларга салдырышса ото чон соопко калып, элден алкыш алышар эле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: