"Акыркы жылдары чек арадагы чырлардын саны азайды" дейт Коргоо кеңешинин катчысы

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы чырлардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Чек ара кызматынын отчётуна таянып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тарап чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин улантууда. "Биз коңшу өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул багытта иш токтогон жок. Бүгүн Коргоо кеңешинин отурумунда Чек ара кызматынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын, аскердик потенциалды жогорулатуу боюнча чечимге келдик. Мындан тышкары чек арага жакын аймактарда жашаган калкка түшүндүрүү иштери улантылмакчы. Ошондой эле жакын арада Жогорку Кеңеш менен өкмөт чек ара маселеси боюнча тиешелүү мыйзам долбоорлорун карамакчы", - деди Жумакадыров.
Айта кетсек, бүгүн, 30-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоо чаралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системинин иш-милдеттерин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө маселени талкуулашты. Жыйын жабык режимде өттү.
"Акыркы жылдары чек ара чырлары азайды" дейт Жумакадыров


