Бишкекте №97632-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант беришти










Бишкекте 30-апрелде №97632-аскер бөлүгүндө ант берүү аземи өттү. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдиришинче, иш-чарада жоокерлердин аткаруусунда кармаш-уруш күрөшү көрсөтүлүп, салтанат жаш жоокерлердин маршы жана Башкы штабдын өздүк көркөм чыгармачылык жамаатынын концерти менен аяктады.
Жаңы келгендер үч апта аскер бөлүгүнүн командачылыгынын жооптуу офицерлеринин көзөмөлүндө күндүн аскердик тартибин, катардык даярдыгын, жалпы аскердик уставдын негизги жоболорун, аскердик техника сырларын жана куралданууну үйрөнүшкөнү айтылды. Мындан ары жоокерлер аскердик турмушка тереңдеп киришмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

у