super.kg logo
  Саясат  

Темир Жумакадыров: "Мамлекет жаза аткаруу системине 25 жыл бою жеткиликтүү көңүл бурбай келген"

 

Мамлекет жаза аткаруу системине 25 жыл бою жеткиликтүү көңүл бурбай келген. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе биринчи жолу Коргоо кеңешинин деңгээлине чыгып жатат. "Коргоо кеңешинин отурумунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы бул тармакка жеткиликтүү көңүл бурулбай калганын баса белгиледи. Жыйында жаза аткаруу системине байланыштуу комплекстүү чечимдер кабыл алынды: материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу гана эмес, андан тышкары жаза аткаруу системине жаңы көз караштагы, жаңы багыттагы иш жүргүзүү. Албетте, Жаза аткаруу кызматынын алдына тапшырмалар коюлду. Соттолгон жарандарыбызды кармоо, мекемелерди коргоо жана кайтаруу маселелерине чоң көңүл бурулду. Талкууда кардиналдуу сунуштар болду. Алардын баарын эске алып, Коргоо кеңешинин чечими дагы иштелип чыгып, өзгөртүүлөр жакында бекитилет", - деди Жумакадыров.

Айта кетсек, бүгүн, 30-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышып, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоо чаралары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системинин иш-милдеттерин камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө маселени талкуулашты. Жыйын жабык режимде өттү.






"Акыркы жылдары чек ара чырлары азайды" дейт Жумакадыров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: