super.kg logo

Бишкектин базарларынан балдардын ден соолугуна зыяндуу оюнчуктар табылды

 

Бишкектин базарларынан курамында уулуу заты бар оюнчуктар табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мира Курманова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме ушул жылдын 30-апрелинде "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунда жана "Дордойдогу" "Жунхай" базарында оюнчуктарды лабораториялык текшерүүгө алган. Жыйынтыгында Кытайдан чыгарылган крокодил, өрдөк сыяктуу желим оюнчуктардын курамында фенол заты нормадан ашыкча болуп чыкты.

“Норма боюнча фенол ар бир оюнчуктун боёгунда 0,05 мг/л болот, бирок крокодил, өрдөк желим оюнчуктарынын курамында 0,1-0,13 болуп чыкты. Демек, нормадан 2 эсе жогору. Бул уулуу элемент балдардын ден соолугуна, албетте, терс таасирин тийгизет. Биринчи кезекте жыты, сыясы колдоруна зыян алып келип, аллергия болушу мүмкүн. Мындан башка дем алуу органдарына таасир этип, приступ чакырышы ыктымал”, - дейт Мира Курманова.

Ошондой эле адис оюнчуктарды балдарга сатып берүүдө өтө кылдаттык менен тандоону эскертет. “Жарандардан сөзсүз түрдө оюнчукту жыттап, аны кармап көрүп, сатуучудан сертификат кагазын текшерип, анан гана сатып алууну өтүнөм. Жагымсыз жыты бар арзан оюнчуктардын курамында фенол же формальдегид уулуу заттары чыгып калуусу ыктымал”, - деп кошумчалайт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
02.05.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тооба,эми кордунорбу бул оюнчуктарды,20 жылдан бери эле ушул Кытайдын оюнчуктарын сатып алып жатабызго...
02.05.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тоодо эле тал чыбыктан ат минип , чуко таштап , кымыз ичип жашаш керек болуп калды...
02.05.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
02.05.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сертификат сурасан "албасан койчу" дешпейби.
02.05.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол ойунчуктарды таможнеден эле откозбой коюга болбойбу базарга жеткизбей ,акчасы аз болсо арзанын алып беришетда ,откозбой коюга болобу деги.
02.05.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ГОС ко туура келбесе штраф
02.05.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
90% кытай оюнчуктары.Жада калса детский гипермаркеттерден да баасына карабай алып берейин десен да жарымы кытай оюнчуктары!Жада калса горшок,тазиктер да сасык желим!Башын айланып,кускун келип кетет.Ушуларды СЭС эми билдиби?
02.05.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оюнчугу жок эле чоноет окшойт эми балдарыбыз.
02.05.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойунчуксуз деле чонойтсо болот. Ансыз деле бир ойногон боюнча калат кийин деле.
02.05.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кандай ойунчук алып берем деги.кичинесинде ошол ордокторду тиштеп журуп эле чонойуп кетти бирок
03.05.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыгач тактайдан машинага окшоштуруп жасап алып ойночу элем кичине кезде кытай сытайы жок эле
03.05.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пластелинден оюнчук жасап ойногон эн пайда эн башкысы кытайдын арзан сапатсыз буюмдарынан оолак болуш керек арзан деп ала берсек кытайлар буларга боло берет турбайбы деп мындан ары дагы да сапатсыз нерселерди чыгара беришет
03.05.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сасык оюнчуктарды алпергенден корком башынан эле российский алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: