super.kg logo

Орусиянын депутаттары жарандарга орусча фамилия берүүнү токтоткон Тажикстан менен виза режимин киргизүүнү сунушташты

 

29-апрелде Тажикстанда орусча фамилия берүү токтотулганы тууралуу жаңылык тараган. Бул көрүнүш боюнча Орусия тарап расмий түрдө үн ката элек, бирок Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул көрүнүш сынга алынды.

Орусиялык басылмалар кабарлашкандай, Мамлекеттик Думада Тажикстан менен виза режимин киргизүүнү сунушташты. Бул сунуш Мамлекеттик Думанын КМШ, евразиялык интеграция жана чет жердеги жердештер менен байланышты камсыздоо комитетинин мүчөсү Илья Дроздовго таандык.

Анын айтымында, Тажикстандын бүгүнкү күндөгү абалы толугу менен Орусиядан көз каранды. Орусиядагы эмгек мигранттары Тажикстанга акча которуп жатканы буга мисал. "Орусиянын мамлекет башында турган адамдарынын бири тажик бийлиги менен байланышып, Тажикстан үчүн чек араны жаап, виза режимин киргизсе, чатак болорун акырын билдиргени жетиштүү. Андан кийин тажик жарандары катары менен Иванов, Петров болуп чыга келишет", - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Тажикстанда орусча фамилия берүү токтотулуп, эми жарандар “-ов”, “-ова” мүчөсү менен аяктаган фамилия ала алышпай турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
02.05.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул Тажикстандын ички иши.
02.05.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тажикстан деген озунчо мамлекет.Орустар жаман уйронуптур да фамилясынан бери орусча кылдырып.Киришкенге акысы дагы жок
02.05.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Urmat_83,туура айттасын
02.05.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
супер инфо ката жазыпсынар:(Мамлекеттик думада Тадикстан менен виза режимин киргизүүнү сунушташты):
02.05.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bekhaliev,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
02.05.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироого коз каранды болгон ото жаманда..
abusait түзөттү 2016-05-02 10:53:48
02.05.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргызстанда да ошондой кылыш керек, орус басып кетмей болду....
02.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда баш тартышыбыз керек ов ова деген фамилиядан
02.05.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ кайдан туугандар бизде андай болбойт. Бизди орустар эмне кылган белгисиз, кыргыз туруп Кыргызстанда жашап атып кыргызча билишпейт жана алар уялбайт андан. Кочодо кыргыз кыргыз менен орусча суйлошушот. Совет убагынан бери биздин меебизге бир нерсе синип калган, орусча билген киши ГРАМОТНЫЙ дешип.
02.05.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче Тажикстандагы орустар ов- боюнча эле калышы мумкун. Бул закону оздорунун тажик элине тиешелуу болсо керек.
02.05.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башталды
02.05.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg, улуттар аралык түшүнбөөчүлүктү жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
02.05.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз ов ова ны жок кылсак кандай болуп калат?Туугандар мен лично орус элин жана Путинди сыйлайм.Алар аябай боорукер жонокой калк.Кыргыздарга орус эле жардам берип ушул убакта турабыз.Канча мигранттар Россияда.Эгер бизди да озбек,таджиктерге окшотуп жумушка кирууну кыйындатып жана башка кыйынчылыктарды жаратса Мигранттар Кыргызстанга келип эмне иш кылат.Ошондо коросун элдин кризиске батып кыйналганын.Азыркы учурда копчулук элибиз кыйналып жатат,кунумдук ашын тапканына шугур кылып.
02.05.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
MIRAN,Бизде уулу.кызы болот,кааласан ов,ова кааласан уулу,кызы
02.05.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Орусча суйлошот биздин кыргыздар.Шерменде эле калкбызда.Озубуздун баалулуктарга озубуз тукуруп,Путинди кудай,россияны мекке кылганлгандарга рахмат.Орусча жер суу аттарын кыргызчалашыбыз керек эле,дагы деле журобуз.Жыргал лафйф,жарайт сити баары орусча.Бул эмне дегендик?Кыргызстандын 80% кыргызча суйлогондор.Мисалы бир кыргыз министрден же деп.. интервю алышса орус тилдуу аудиторияга орусча жооб берип коюн дешет,а орус минист же депутаттан кыргыз аудит.кыргызча жооб берип коюн деп бироо сурабайт!
02.05.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фамилиясын ов.ова кылганда эле эмне озгорот.Кыргызстан аябай ооор абалда турабыз.Бай-кедей деген эки болуко болунушубузго аз эле калды.Илгерки БЕШ КАМАН эмес.120 КАМАН аларга кошулуп министирлер.посолдор мамлекетти соруп бутойун деп калышты.Эмне учун аркасын ойлонушпай иш кылып жатышат.биздин камандар тушунуксуз.
02.05.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Киргизбайлар да ГАИ ге кармалып тушсо эле орусча суйлой башташат,же ал Кыргыз ГАИ орусча тушунсо не.Ошентип биздин Киргизбай чулдурап орусча суйлоп озун шаардык грамотный сезишет.

Кэчээ эле айылдан чыгып келди эле,
бугун эмне шаардык боло калдынбы.
Уяты жок десе...
02.05.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикстан жалан эле тажиктер жашайбайтта башка улуттарда жашашат бул кабыл алган закону ошол этникалык улуттардын улутунна укугуна каршы келет этникалыек азчылык озу каалагандай ат коюшу керекда мисалы кыргыз бодсо кыргызча дегендей
02.05.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg, мазактоодон алыс болуңуз!
dubai, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз! Комментарийлер өчүрүлдү! Оозеки эскертүү!
02.05.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар аябай акылдуу калк келишет алар акырын эле орусташтырып баардыгын орус мамлекетине коз каранды кылсак экен деп ушундай корунушторду кылып жатышат бирок ар бир мамлекеттин ар башка закондору бар ал нерсеге кийлигишбеш керек Тажикстан туура эле кылып жатышат
03.05.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажикти колдогон кыздарыбыз барсынарбы?) Мыйзам турундо киргизген туура эмес, ар бир адамдын оз эрки. Кааласан ванисян, багирян, жб боло бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: