super.kg logo

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” сынагы өтүп, Майлуу-Суудан келген окуучулар 1-орунду алышты (фото)

 

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде “Жол кыймылынын жаш инспектору” деп аталган район-шаарлардын арасында облустук финалдык кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 7 турдан туруп, шаар-райондордун орто мектептеринен 8 команда келип, сынактын жоболорун мыкты аткаруу менен калыстардын койгон бааларынын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

"1-орунду Майлуу-Суу шаарынын “Весёлые регулировщики” командасы, 2-орунду Жалал-Абад шаарынын “По пути” командасы, 3-орунду Сузак районунун “Жашыл чырак” командасы жана Аксы районунун “ЮДГ” командалары ээлешип, баалуу белектер жана мактоо баракчалары менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин ачылышында Жалал-Абад ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Кылыч Рысбаев төмөнкүнү белгилеп кетти: “Бүгүнкү катышып жаткан окуучулардын ар бири келечекте жол эрежесин так билген чыгаан инспекторлордун катарын толуктайт деген ишеним бар. Менимче, мелдештин өткөрүлүшү татыктуу орун алуу менен бирге ар бир окуучу жол эрежесин так билип, жанындагы жолдошторун кошо үйрөтүп, муну менен жол кырсыгына дуушар болгон жаш балдардын санын азайтууга жардам берет деп эсептейм.

Ушул жылдын 3 айында жаш балдардын катышуусу менен болгон 20 жол кырсыгы катталып, 23 бала ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга кайрылган. Ошондуктан ушул мелдештин катышуучуларына жана күйөрмандарга кайрылып кетер элем, ушул көрсөтүлгөн жол эрежеси боюнча ыкмаларды ар бир окуучуга үйрөтсөңөр, бизге чоң жардам кылар элеңер”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун иш чара болуптур. Формаларыда абдан жакты. Мындай конкурстар балдарга дем куч берип жаман жолго баруудан арылтат деп ойлойм.
02.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: