Орусия. Улуу Ата Мекендик согушта Ленинградды блокададан чыгаруу операциясында дзотко төшүн тоскон Акматша Түмөнбаевге эстелик тургузулду



29-апрелде Орусиянын Новгород облусунун Поддорск муниципалдык районундагы Поддорье айылында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, кыргыз жеринен согуш талаасына аттанган Акматша Түмөнбаевге жана украиналык Яков Пилипенкого тургузулган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, бул баатырлар 1944-жылдын 1-февралында Ленинградды блокададан чыгаруу операциясынын учурунда душмандын ок чыгарган очогун жок кылуу буйругун алышкан. Берилген тапшырманы аткаруу максатында аталган эки жоокер дзотко өз денелерин тосушкан дагы, башка жоокер жолдошторуна андан ары алга жылууга мүмкүнчүлүк беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
5

Биринчи сүрөттөгү кара түстөгү эстелик.