super.kg logo

КИНОЗАЛ: "Дудук кыз" тасмасын тартуу үчүн ымыркайлар үйүнө барганда, колун созгон балдарды көрүп баарыбыз ыйлаганбыз" дейт режиссёр

 

“Кинозал" бөлүмүндөгү мелодрама жанрындагы, көзүңө жаш албай көрө албаган тасмалардын бири - “Дудук кыз” тасмасы.

"Тасманы тартып бүткөн соң “жомок сымал тартылып калган, дудук кыз эч качан сүйлөй албайт” деген сын-пикирлер абдан көп болгон", - дейт тасманын режиссёру Назым Мендебаиров.

Келме кезек, терме тезек” демекчи, тасманын негизги идеясы катары "адам качандыр бир кылган күнөөсү үчүн жазага дуушар болот" деген маанини бергенбиз. Адам мыйзамдын чегинде болбосо да, өз абийиринин алдында жооптуу экенин көрсөттүк. Көрүүчүлөр тарабынан “дудук кыз кантип эле сүйлөп кетмек эле...” деген сындар көп айтылды. Балким, тасма жомок сымал бүтүп калса дагы, бирок көрүүчү көөдөн түпкүрүндө тасма жакшы маанайда бүтсө экен деп ойлойт. Эгерде кыздын тентип кеткенин, баары ыйлаган маанайда бүтүргөн болсок, анда мындан да көп сынга кабылмакпыз. Ошол себептен кызды бактылуу кылып бүтүрүүнү чечкенбиз.
Тасманы тартып жатканда көп кызыктуу окуялар болгон. Наристелер үйүнөн кадрларды тартып жатканда колун созуп караган наристелерди көрүп баарыбыз ыйлаганбыз
”, - дейт Назым Мендебаиров.

"Дудук кыз" тасмасын толугу менен бул жерден көрө аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.05.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы кино, бирок кыска....
02.05.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын эле сериал кылып идеаларды кошуп узун кылып тартсанар болмок
02.05.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба деги эле балдар уйуно барсан ыйлагын келип, ыйлап кайтат экенсин. Биз да жакын курбу кыздарым менен кичине майда чудо кылып алып барганбыз. Киргенден кийин эле жаш балдар менин апам менин апам деп чуркашат экен. Аябай ыйлагыбыз келип. Озубузду аран кармап, оюнчуктарды колдоруна карматып чыгып келе бергенбиз.
27.01.2021. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарык дүйнөгө келип келбей жатып тагдырдын оор сыноосуна кабылгандар, өкүнүчтүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: