super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Апам элдин балдарына салыштыра бергендиктен, элдин балдарын жаман көрчүмүн..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Элдин балдары". Бул сөздүн жашообузга тийгизген таасири" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жаш кезде бул сөздү апамдан көп уктум го, эртең менен уктап жатсаң "тур, элдин балдары малын айдап кетти, сен уктап жатасың, тур, элдин балдары талаага барып, иштерин бүтүрүп келе жатат, сен болсо жатасың" деген".

"Муну көпчүлүк ата-эне айтат. "Аны кара, муну кара" деп башкаларга салыштырган жакпайт мага. Мен келечекте балдарымды антип башкаларга салыштырып урушкум келбейт. Кайра элдин балдарынан жакшы экенин айтып стимул берип турмакмын".

"Эгер баланы кимдир бирөө менен "тигинин баласын кара, кандай гана акылдуу..." деп салыштыра берсе, анда бала алдыга жылбай эле, тескерисинче, чөгүп кетиши мүмкүн. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, өзүн баалабоочулук пайда болот экен. Андан көрө бала кичине болсо да ийгиликке жетишкен болсо, үйүндөгүлөр "азаматсың" деп жакшы мактоо сөздөрүн айтып турушса, бала андан да жакшы болууга, дагы да жакшы сөз угууга аракет кыла баштайт".

"Элдин балдары" деген сөздү абдан жаман көрөм. Андай сөз адамга терс таасирин тийгизет".

"Апамдын ал сөзүнөн элдин балдарын жаман көрөт элем, "элдин балдары жөн эле жүрө бербейби" деп. Мына, убакыт өтүп, биз да элдин балдарына айландык. Бирөө менен салыштырып, анын жакшы жактарын айта берсе кимге жаксын?! Балким, өзүбүздүн да алардан өткөн жакшы жактарыбыз бардыр. Ошентсе да энелердин алтын сөзү бойдон кала берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
02.05.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салыштыруу таптакыр тура эмес. Ар кимдин тагдыры ар башка.
02.05.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине кездегиниго мейли башка балдарга атаандпшып жумуш кылганды уйронсун деген максатта айтышкан анан 35ке чыгып уй було кутуп мындай рыноктук экономикада жашап атканда деле тигинин баласы энесине тигини аперди, россиядан коп акча салды деп балдарына айткан туура эмеско,мындайлар коооп!
02.05.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдин балдары...!!! Тажаттынарго...!!! Жон эле журо бербейсинерби:-D:-)и
19.05.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aszyma, элден озгочолонбой дебейсизби.....
02.05.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен дагы жаман кором ушуул элдин балдары дегенди ар кимдин организми да ар башка да,боюмда болуп кыйналып улам бир жерим ооруп журсо уйдогулор кошуна келинге салыштырып кордунбу тигини тарсылдап журуп эле тороп коет сен болсо эркелеп деп айтышканда ушунчалык ыза болгом.
19.05.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
radyakiz, ал деген элдин балдары, мен элдики эмесмин дебейсизби жолдошунузга эркелеп...
03.05.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakshy tema achyptyrsynar.Men da salyshtyruuga karshymyn. Ata-ene baldaryn demotivirovat' etkendin orduna, alardy koldoogo, tushunuugo araket kylysh kerek.Maktachu jerden maktap, kata ketirse, urushpai soz m.n tushundurush kerek.
FSB түзөттү 2016-05-03 16:12:53
19.05.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин балдарына окшоп бир китеп ачып окубайсын
19.05.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bektang, элдин балдары эле том том болгон романдарлы окуп жатат дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: