super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кичинемде жөргөмүштөн коркчумун, аны көрүп калсам, мени бир-эки чакырым алыстан гана таба аласыңар"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бала кезде эмнеден коркчу элеңер?" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөр мындай:

"Мен кичинемде ата-энем бала бакчадан алып кеткенди унутуп калабы деп абдан cарсанаа боло берчүмүн".

"Мен дегеле коркокмун. Кичинемде коркунучтуу тасмаларды көрүп, коркконумдан жарыкты өчүрбөй уктачумун, азыр деле корком. Анан апам "кетип калам" десе аябай коркчумун".

"Мен эч нерседен коркчу эмесмин, бирок эмнегедир жөргөмүштөн корком. Айрыкча, баягы болот го, буттары узу-уун... Кээде айылга барып калганда үй жыйнаганда да жөргөмүштүн желесин албайм. Эгерде кокусунан аны көрүп калсам, мени бир-эки чакырым алыстан гана таба аласыңар".

"Бала кезде дубаналардан, цыгандардан, дааватчылардан аябай коркчумун. Азыр деле үйдө жалгыз болуп калган убакта дааватчылар келсе корко берем. Цыгандар го алып кетет деп коркуптурмун. Ал эми дааватчылардан неге коркорумду өзүм билбейм".

"Мен кичинемде Адыл деген агамдан коркчумун. Үйдө эч ким жокто эжем экөөбүздү кыйнай берчү, чуркатып, отжимания жасатып. Атам менен апам бир жакка жөнөшсө эле "кетпегиле" деп ыйлай берчүмүн. Анан кара түстөгү унаалардан коркчумун, бир кезде "кара унаалар менен балдарды уурдап кетип жатыптыр" деген сөз чыккан эле".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай МАМА Жоргамыш
03.05.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жоргомуштон озгочо кара курттан жаш кезимде эмес азыр деле корком,кокус коруп калсам 3 метр жерге качып берем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: