super.kg logo

ОНЛАЙН: Токтобек Асаналиевдин "Кылым жүзү" концерти патриоттук ыр менен аяктады

 

21:00. Токтобек Асаналиевдин "Кылым жүзү" концерти кече ээсинин аткаруусундагы патриоттук ыр менен аяктады. Андан соң сахнага концертке катышкан музыканттар, актёрлор, бийчилер чыгышып, көрүүчүлөргө жүгүнүштү. Т.Асаналиев жамааттын атынан концертке келгендерге ыраазычылык билдирди.

20:45. Сахнага ырчы Нэна чыгып, Токтобек Асаналиев менен шаңдуу чыгарманы аткарды. Учурда Токтобек Асаналиев "Сүйүүмдү кайрып берчи" ырын сахналаштырылган көрүнүш менен тартуулоодо.

20:25. Токтобек Асаналиев "Пиалада кантың бар" чыгармасын сахнадагы бийчилер менен кошо
бийлеп ырдап жатты. Андан соң сахнага Гүлжигит Калыков чыгып, экөө "Сагындым, туулган жер, сени" ырын аткарышты. Учурда Гүлжигит Калыковдун "Сен дегенде" чыгармасы жаңырууда.

20:10. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки элдин бейпил жашоосу, мектеп окуучулары, пионерлер, ыр майрам... Токтобек Асаналиев "Аппагым", "Айылдын кечтери" чыгармаларын чимирилген бийчилердин коштоосунда ырдап жатат.

19:55. Кыргыз элинин 1941-1945-жылдардагы согуш мезгилиндеги жашоосу, элдин кайгысы, Жеңиш күнүндөгү кубанычтары көрсөтүлүп, Токтобек Асаналиев согушка арналган "Эстелик" ырын ырдоодо.

19:48. 1930-жылдардагы өз эне тили - кыргыз тилин, элибиздин басып өткөн тарыхын, Манасыбызды унутпашыбыз керек деген кыргыз интеллигенция өкүлдөрүн Совет мезгилинде "эл душмандары" деп атап, атууга өкүм кылган көрүнүш көрсөтүлүп жатат. Элим-жерим деп күнөөсүз атууга кеткен кыргыз уулдарына арнап, улуу акын Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" ыры Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда жаңырууда.

19:20. Улуу Октябрь революциясы, Совет бийлиги, ошол жылдардагы бай-манаптарды жазалоо, мүлкүн тартып алып кедей-кембагалдарга берген көрүнүш, 1940-жылга чейинки тынч жашоо, акындардын айтышы, эмгекчилердин майрамы чагылдырылууда.

18:55. "Кылым жүзү" концерти башталды. Жай ыргактагы комуз күүсүнүн коштоосунда сахна ачылып, сахналаштырылган көрүнүш элге тартууланып жатат. Анда 1916-жылдагы Улуу Үркүндөн бир көрүнүш көрсөтүлдү. Токтобек Асаналиев Үркүнгө арналган ыры менен сахнага чыкты.

18:50. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Токтобек Асаналиевдин "Кылым жүзү" концерти башталганы жатат. Концерт Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурулууда. Филармониянын залы көрүүчүлөргө толуп, алардын катарында улуу муун да, орто жаштагылар да, жаштар да көп. Өзгөчө концерт болору айтылып, көрүүчүлөр концерттин башталышын күтүп жатышат.


кошулду





Т.Асаналиевдин концертинен үзүндү (2.05.16)

Т.Асаналиевдин концертинен үзүндү 2 (2.05.16)

Кыргыз элинин бир кылымдык жашоосун көрсөткөн Токтобек Асаналиевдин “Кылым жүзү” концерти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
Медиа-портал
02.05.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биринчи коментарий
02.05.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуп атыптыр го, эртен да болот бекен?
03.05.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biyke4, саламатсызбы!
Жок, болбойт.
02.05.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оо жакшы менин суйуктуу ырчым, ушундай концерттер коп болсун!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-03 11:24:34
02.05.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына бут ырчылардан да концерти жакшы болот! Кантсе да Ат-Башылык экенине кумонум жок.
02.05.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтобек озу абдан карапайым ьаланттуу ырчы мага абдан жагат
03.05.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токо байкебиз менен сыймыктанабыз!!!!
Медиа-портал
04.05.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт аябай жакшы болду
SUPER.KG видео
08.05.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты, жогорку денгээлде уюшкандык, ушуну концерт деп атоого толук татыктуу, мыкты аткаруучу Токтобек байке, режиссёр постановщик, костюмер, актерлер деги эле баары жакшы, азаматсыздар! Алкыш сиздерге!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: