Кыргыз бийчилери Орусиядагы “Танцы” шоусунун 3-сезонуна жолдомо алышты



Тилан Садырбаев, Жан Воинов жана Нурсултан Алибеков Орусиянын ТНТ телеканалындагы “Танцы” шоусунун кийинки туруна жолдомо алышты. Бул тууралуу Бишкектеги бий академияларынын биринин кызматкери Айгерим Асанкулова билдирди. Маалыматка ылайык, сынактын тандоо туру 1-майда өтүп, ага 3 миңден ашык бийчи катышкан. Майда өткөн тандоо туру сентябрда ТНТ телеканалында көрсөтүлөт.
Кыргыз бийчилеринен бийчи Жан Воинов поппинг стилинде бийлейт, Тилан Садырбаев хип-хоп боюнча мыкты. Ал буга чейин "Танцы" телешоусуна катышып, финалга өтпөй калган. Ал эми Нурсултан Алибеков болсо MOSCOW ELECTRO BEAT 3 FINAL сынагынын финалына катышкан. Бул бийчи хип-хоп жана поппинг стилинде бийлейт.
Кыргыз бийчилери Орусиянын "Танцы" шоусуна жолдомо алышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Рустамов Талант былтыркы жылы 3сезондон отпой калган эле,эми силерге ийгилик!
Жан Воинов галливудтун сынактарында женуучусу эле, Танцы тнтга катышпай эле койбоптурда,