super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эл назарында болсоң жумушуң бат бүтөт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көпчүлүктүн назарында болуу жакшыбы, жаманбы?" деген тема талкууланууда.

Темада автордун "Кызмат абалы, коомдогу орду, көз карашы жана башка жагынан көпчүлүктүн назарында турган адамдар үчүн турмуштун оң, терс жактары тууралуу ким кандай пикирде?" деген суроосуна мындай жооптор жазылган:

"Элдин алды болсоң көз тиет, артында калсаң сөз тиет. Ортодо болсоң кадыр-баркың ким билет?"

"Көпчүлүктүн назарында болуунун жакшы жагы - турмушта активдүү жашоого, максаттуу, жоопкерчиликтүү, ар нерсеге дайыма даяр турууга үндөгөнү. Ал эми терс жагы - ар ким сенин таржымалыңа кызыга бергендиги, канчалык сени көп адам билсе, ошончолук көп сөз жүрөт, ушак сөздөр көп аралашат".

"Эл көзүндө жүргөн кишинин жеке жашоосу жок. Мындан бат эле тажашат. Өзүнө болгон баасы төмөн адамдар гана эл алдында өзүн көрсөткүсү келишет, эгер аларды унутуп, көчөдөн тааныбай калышса, жинди болуп кетишет. Ошондуктан кандай болсо да чыр чыгарып өзүн көргөзүүнүн жолун издейт".

"Төбөсү көрүнгөн адамдын түйшүгү башынан ашат. Өзүмдүн дүйнөмдө бактылуу болуп жашагым келет, жакын адамдарымдын арасында, тынч эле".

"Эл назарында болсоң кээде жумушуң бат бүтөт, бирок тооруган маньяк-саньяктар да жок эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчан канча коп болсо эл сени таанышат
03.05.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдык сапат менен таанылган жакшы го.Акчан менен таанылсан акчан тугонгондо сени унутуп калышат.Туурабы?391
03.05.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйнодогу материалдык пайдалар, же кызыкчылыктар учун эл назарында болом десен анда куйгонун ошол...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: