super.kg logo

Казакстанда 42 адамды зордуктоого айыптап, алардын үстүнөн арыз жазган 25 жаштагы келинге кылмыш иши козголду

 
Зордуктоого шектелген карыялар
"42 адам зордуктады" деп арыз жазган 25 жаштагы Севара
Кылмышка шектелген жарандардын тизмеси

Казакстанда 42 адамды зордуктоого айыптап, алардын үстүнөн арыз жазган 25 жаштагы келинге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Казакстандын Карабулак айылына Өзбекстандын 25 жаштагы Севара аттуу жараны жумуш издеп келип, аталган айылдын 50 жаштагы Дима Косой аттуу тургуну менен жарандык никеде жашап калат. Ал жакта бир нече ай жашаган соң полицияга 42 адамдын үстүнөн арыз жазган. Арызында ал жергиликтүү тургундар аны шылдыңдоо менен айылдын четине алып барып, кезек менен зордукташканын билдирген. Алардын мындай кылган ишинин кесепетинен венерикалык жугуштуу ооруларды жуктуруп алганын жазган. Зордуктагандардын арасында 20 жаштагы студент балдардан баштап 80 жаштагы карыялар да бар экенин арызында белгилеген. Андан сырткары "52 жаштагы Нурзада Хасанова аттуу аял мени эркектерге салып берген" деп айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, жергиликтүү тургундардын баары суракка алынган. Кылмышка шектелген жарандардын баары жугуштуу оорулар ооруканасына тиешелүү анализдерин тапшырып, баары эч кандай оорулуу эмес экени аныкталган. Ошол себептен “зордуктоо” беренеси менен козголгон иш токтотулуп, анын ордуна “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгону маалыматта айтылат.

Бул окуя боюнча жергиликтүү тургундар “Севара өзүнүн жарандык никедеги күйөөсү экөө зордуктоо менен айыптап жаткан тургундардын баарынан 300 миңден 500 миң теңгеге чейин акча каражаттарын талап кылышкан, бирок талаптары натыйжасыз болуп калгандыктан алар арыз жазышкан” деп айтышууда. Арызда көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендердин бири - 20 жаштагы жаран бул келинге 1,5 миллион теңге бергенин айткан.






Казакстанда 25 жаштагы келин 42 адамдын үстүнөн "зордуктады" деп айыптап арыз жазды

Казакстанда 25 жаштагы келин 42 адамдын үстүнөн "зордуктады" деп айыптап арыз жазды-2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
Медиа-портал
03.05.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1601
Шумдук зоордуктады деген эле кеп.
03.05.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Карыялардыкы иштеши деле күмөндүүго турушуна караганда)))))
03.05.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизнес течёт вниз боптурда биягы акча иштейм деген ою таш каап
03.05.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
42 си зордуктагыча 2 кун кеткендир
03.05.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биир бизнес кылайын деген экен,кармалып калыптыр да.Менин бир кошунам да уйунон акча уурдатып,айылдагы балдардын жарымынын устунон арыз жазган.Мындай окуялар конумуш эле болуп калды.
03.05.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иши журушпой калыптыр да.
03.05.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элге окшоп тыйындан акча курап майдаланбай оптом эле бир акча жасайын деген экен да кургур. Акчанын эсеби жаман да башында бир эле адамды доого жыккысы келип анан экоону жыксам акча эки эсеге кобойот экен, ал эми учоону жыксам уч эсе кобойот мынаа сага бизнес, туну менен список тузуп 42 ге жеткиргенде тан атып кеткен окшойт мээне баракелдее!!! Апендинин тоок бизнесиндей болуптур го биягы :)
03.05.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнес кризиске учураптырда.
04.05.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бекеринен бул абышкаларды да кошкон эмесда,барганда келинге ололбай жатып )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: