super.kg logo

Бишкекте ЖОЖдордун биринин окутуучусу 20 миң сом пара менен кармалды

 

29-мартта Бишкек шаардык ИИББинин Мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз-Орус Славян университетинин Экспертиза жана кыймылсыз мүлктү башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. Милицияга шаардын 21 жаштагы тургуну кайрылып, окутуучусу 1000 доллар талап кылгандыгын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган 39 жаштагы А.А. аттуу окутуучунун Кыргызстан Эл аралык университетинде да иштей тургандыгы аныкталды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай тан кала тургандай эмес. Конумуш адаттардын бири кармалып калды, студенттин да бир айыбы бар да ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: