Борбор калаада мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды
Борбор калаада мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-майда түнкү саат 01:00 чамасында И.Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаа текшерүү үчүн токтотулган. Тинтүүгө алуу маалында Бишкек шаарынын 24 жаштагы Н.М. аттуу тургунуна тийиштүү унаадан ИЖ-79 трамватикалык тапанчасы табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=37263&view=findpost&p=1189749
Шумдугун кур бироо курал табылды десе.Бироо кантип документ жасатам деп жанталашат