super.kg logo

2016-жылы 29-апрелде акцияларын сатууну токтотуу боюнча “Центерра Голд” билдирүү таратты

 


2016-жылы 29-апрелде акцияларын сатууну токтотуу боюнча “Центерра Голд” комментарий берди. Компаниянын маалыматтык билдирүүсүндө булар айтылат:

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын бир катар ЖМКлары компаниянын акционерлерине жакын көмүскөдөгү булактарга таянып, "канадалык регулятор IIROC баалуу кагаздар боюнча Улуттук агенттиги "Centerra Gold Inc." ("Центерра") менеджментине карата иликтөө иштерин баштап, Торонтодо акцияларды жүгүртүүнү токтотту" деген маалыматты таркатышкан. Бул маалымат туура эмес жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат.

Чындыгында, Канаданын инвестициялык индустриясын жөндөө уюму (IIROC) канадалык мыйзамдар жана баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн эл аралык шарттарына ылайык, 2016-жылы 29-апрелде "Центерра Голд" акцияларын сатууну убактылуу токтоткон. IIROC компаниясынан орчундуу маалымат күтүлгөн учурда акцияларды сатууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алууга укуктуу. Акция сатууну токтотуу принциби бардык инвесторлор компания тууралуу орчундуу маалыматты текши бир учурда алуусуна шарт түзүүгө негизделген.

IIROC - Канаданын карыздык жана үлүштүк рынокторундагы соода аракеттери менен инвестициялоо дилерлеринин үстүнөн көзөмөлдөгөн өзүн өзү башкаруучу улуттук уюм.

"Центерра Голд" расмий пресс-релизи аркылуу ага толук таандык Кыргыз Республикасындагы туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компанинин" бишкектик кеңсесинде ушул жылдын 28-апрелинде “Центерра” жана КГК ортосундагы мурдагы ички корпоративдик транзакцияларына байланыштуу каржылык бузуулар орун алган делген кылмыш ишине тиешелүү документтерди чогултуу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка укук коргоочу кызматтар менен биргелешип тинтүү жүргүзгөн абал жөнүндө бардык кызыкдар тараптарды маалымдаган. Иликтөө иштери “Кумтөр” кенинин иштешине таасирин тийгизген жок жана ал штаттагы тартипте иштөөдө.

Расмий пресс-релиз чыгаргандан кийин “Центерра Голд” баалуу кагаздарын биржада жүгүртүү толук кандуу улантылган жана CG символунда "Центерранын" акциялары жүгүртүүдө экенин Торонто фондулук биржасынын расмий сайтынан бул шилтеме аркылуу тастыктоого болот. (http://web.tmxmoney.com/article.php?newsid=86695141&qm_symbol=CG)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.05.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле,Жоотторго кошулуп Элдин ырыскысын уурдабай,мамлекет бар экенин эскертип,ушинтип опуза-омуроолоп коюш керек.Болбосо булар эшек жайлоого чыгып,семирип,ашыкча семирип болбой калды эле.
03.05.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени окундургону бир да окмот,Кумтордону кызыкчылыгы бар адамдардын ысымдык тизмесин жарыялай албай койду. Бул жерде чон бир саясат жатат. Бешенебизге эшек эмес ат тепкендей болуп калдыкго. Озголор,озубузго кожоюн.
03.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кумторду алганы менен кыргыздар иштете албайт. Дагы бир инвесторлорго жалдырайт. Андан коро булардын тилин таап жакшылап иштеше бериш керек. Кумторду саясатчылар элге жаман корсотуп жатышат.
03.05.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жерде ото чон суммада комускодо акча ойнойт,комускодогу акчаны чон кызматка келген жаны кадрлар м.н болушо албай жатышат. Ошонун ызычуусу.
Aza17 түзөттү 2016-05-03 14:19:54
03.05.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aza17,саясатта каражаттын деле кереги жок, кичине проблемалуу маселе болсоле ошону курал кылып упай табабыз дейт, бирок экономика тарабын эч ким ойлобойт
03.05.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кумтор ишин баштагандале саясый курал болуп 1,5 млрд доллар болгон акцияларабызды уч жылдын ичинде 400 млнга чейин арзандатып ийдик, имиджибизди буздук, эконоимкабызды кыйнап атабыз. буга ким жооп тартат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: