super.kg logo

"Кумтөр Голд Компани" эки вице-президенттин Кыргыз Республикасынын аймагынан кетишине комментарий берди

 

"Кумтөр Голд Компани" эки вице-президенттин Кыргыз Республикасынын аймагынан кетишине комментарий берди. 2016-жылдын 3-майындагы маалыматтык билдирүүдө булар айтылат:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы 2016-жылдын 30-апрелинде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын жетекчилиги, тактап айтканда, каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу 2016-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагынан 2016-жылдын 28-апрелиндеги компаниянын бишкектик кеңсесиндеги тинтүүлөрдөн кийин чыгып кетишти деп тараткан билдирүүсүнө "Кумтөр Голд Компани" комментарий берүүнү зарыл деп эсептейт.

Каржы боюнча вице-президент Марк Бертон менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу Кыргыз Республикасынан алдын ала пландалган эмгек өргүүлөрүнө байланыштуу кетишкен.

Марк Бертондун 2016-жылдын 29-апрелинен 16-майына чейн белгиленген эмгек өргүүсү алдын ала макулдашылып, 2016-жылдын 25-январында бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Марк Бертондун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 10-майында Бишкекке учуп келген даталары менен билети 2016-жылдын 29 февралында брондолгонун тастыктайт.

Лесли Лоунун 2016-жылдын 29-апрелинен 17-майына чейинки эмгек өргүүсү 2016-жылдын 18-мартында макулдашылып, бекитилген. Берилген датасы көрсөтүлгөн электрондук билеттин сканердик көчүрмөсү Лесли Лоунун Бишкектен 2016-жылдын 29-апрелинде учуп чыгып, 2016-жылдын 18-майында учуп келген даталары менен билети 2016-жылдын 4-апрелинде брондолгонун тастыктайт.

"Кумтөр Голд Компани" компания кадимки тартипте иштеп, президент Дэниел Дежарден Кыргыз Республикасында экенин баса белгилейт. "Кумтөр Голд Компани" жетекчилигинде эч кимиси учуп чыгууда жана кыргыз өлкөсүнө кирүүдө эч кандай тоскоолдук көргөн жок жана Кыргыз Республикасынан чыкпоо тууралуу тил кат берген эмес жана бардык ушул сыяктуу маалыматтар чындыкка жатпайт.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.05.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кумтордо иштеген Канаданын жарандары,обратный билетин открытый дата менен кеминде 2-3каналга мурун эле сатып алып коюшат.Кобунчо Алматанын аэропортунан конуп,кайра учуп кетип жургонун коп байкайм.ЧП болоор замат,алар Кыргыз аймагынан ойт берип,биздин орган кызматкерлери пландагыча,алар Гавай аралдарында эс алып журот берет.
03.05.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nur0077,андай фактыларды билсенерр документалдуу корсоткулода, тоо-кен тармагында кандай иштер жургузулуп жатканын эл билбегендиги жергиликтуу бийликтин катачылыктары
03.05.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кумтордун пайдасын такыр корбой жаткандай болбойлу. Бюджетке олчойто салымы кошуп. Ысык колду онуктуруп жаткандар ушулар. Канча мектеп бала бакчаларды куруп.жолдорду ондоп жатат. Чиновниктер Кумторду оюн кылып алышты.
03.05.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кумтордун пайдасы канадалыктар мененле жогору жакта отурган жеп жутарлардын чонтогуно кетип атат,андан коро иштетпейле жаап деле салыш керек,жаратылышка деле зыяны тийип атат боштук болуп.
03.05.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Arlenchik,ойлонуп корсонор, ишкананы токтоттук, кумтордон тушкон каражат аркылуу толонуп жаткан пенсияларды кайсы акча менен толоп беришет? кайрале ишкана куноо болотта ээ?
04.05.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо болгондо шайлоого барбаш керек шайлабаш керек депутаттарды мындан Корто 120 депутаты кетириш керек шаардык депутаттар жетет бизге
04.05.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде депутаттар, Кумтордо иштегендердин тушунугу ушундай болуп калган - Кыргызстанды Кумторсуз элестете албай калган, бардык акча булактарын Кумторго жабыштыра беришет. Эгер Кумторду жапса Кыргызстан кыйшайып акыр заман болуп элдер бирин бири жеп баштайт деп ойлошобу.. Ысык-Кол туризмдин эсебинен эле онуксо болот, дегеле ар бир областтын озунун артыкчылык жактары бар, ошол ресурстарды туура пайдалана билсек жерлерибизди жундой тыттырып отурбайт элек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: