ИИМдин Жол-патрулдук милициясы 34,8 миллион сомго 87 даана Лада Приора үлгүсүндөгү унаа сатып алганы жатат





ИИМдин Жол-патрулдук милициясы Лада Приора үлгүсүндөгү унааларды, сигналдык-үндү катуу чыгаруучу жабдыктарды жана мобилдик радиостанцияларды сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтта жайгаштырылды.
Маалым болгондой, Жол-патрулдук милициясы 87 Лада Приораны 34,8 миллион сомго, 87 сигналдык-үндү катуу чыгаруучу жабдыкты 2,07 миллион сомго жана 87 мобилдик радиостанцияны 2,36 миллион сомго сатып алмакчы. Мунун баарына жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 39 миллион 237 миң сом жумшалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Ушул нерседен элге пайда чыгаарына кумонум бар да. Ладанын официалдуу сайтында бир Приора 359 мин рубль турат. Эгер коп алынса, корпоративдик тариф деген бар. Андан да арзан болот. Кыргызстанга апкелууго жол акысына канча кетет болду экен ???
Сутко озу куйгон,айранды уйлоп ичет болуп жаткансыздарго.Ал эми жеп ичип жаткандарга Кудай озу жазасын берсин.Андан коро ушунун желип кетпегенине умут кылып,кудайдан тиленип туралы...
Эгер жининерге тийсем кечириниздер!Жакшы эле ой менен айттым.
Неси болсо да кылмыштуулукка каршы курошуу учун жакшы эле чечим экен! Япошка, корейскийлерди арзаныраак деп алып алышып 3-4 жылга жетпей списаниеге чыгаргандан коро лада приорага токтолушканы туура эле болуптур. Кресло, ноутбуктарга караганда эл учун пайдасы тиет.
тааныштардан угуп калдым,"катуу айдап кетип аткам,жолдо ГАИ жок болчу. Анан эле артыман кубалап келип токтотту дееейт,айкыртып сигнал берип,камерага тушуп калдыныз катуу айдап баратып"-деп. Мындай суйлошоюн десем эч болгон жок!Штраф жазды. Анан эле кечинде уйго камерага тушуп калган сурот келиптир деейт,кайсы кочо, канча ылдамдык мн кетип атканын баарын жазып.... Угуп алып тан калганский....