super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Балдарыңар силерден акча эмес, мээримди көбүрөөк талап кыларын унутпасаңар экен"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө " Жашоонун айынан балдарын таштаган ата-энелер" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Баарыбыздын оюбуз жакшы эле, балдарыбыз эч нерседен кем болбосун, балдарыбыз чоңойгуча үй салып же алып алалы, бутка туруп алалы деп иштеп жүрөбүз. Бирок үй алгыча жылдар өтүп кетет. Биз кызыбызды 9 айлык кезинде таштап келгенбиз, албетте, сагындык, кыйналдык, ыйладык".

"Мен да кичине кызымды 6 айлыгында эмчектен чыгарып апама таштап келгем, улуу кызым 3 жашта эле. Ошол бойдон 3 жылдан кийин бардык, улуу кызым таанып, "апалап" жанымдан чыкпайт, а кичинекейимдин иши да жок, жаныма жолобой таене-таятасына качат. Эки кызым эки жакта чоңойгону үчүн бир-бирине мээрими да жок".

"Адамдарды Орусиялатып эмне гана кылбай жатат, азыркы кыргыз элинин абалы оор".

"Мүмкүнчүлүк болсо көчө шыпырсаң да балаңды жаныңа алып жүргөнүң жакшы го. Таенемдин колунда өскөн иним бар, такыр башкача. Эжемдин кызы бизде чоңойду. Алар иштеп үй салышты, баарын кылышты, бирок кызында эч кандай сезим жок. Атасы урушту эле, "мен силерди жек көрөм, кетем" деди".

"Биринчилериңди таштай берет экенсиң, өзүң да али бала болгонгобу, билбейм. Кийинкилерди кыя албай калат экенсиң, бирок таштаган баланын мээрими жок болуп калат экен".

"Ата-энелерден, өзгөчө эркектерден суранарым, эгер силер үчүн байлык өтө маанилүү болсо, аны балалуу болгуча түптөп алгылачы. Кийин балдарыңарды жалдыратып ар кимдин көзүн каратпай. Анан да балдарыңар силерден акча эмес, мээримди көбүрөөк талап кыларын унутпасаңар экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен биринчи баламды буйруса чон ата чон энесине берем деп ойлой берем,кайнатам ото баласак адам бизге каратпай эле тун небересин алып коюшат болуш керек деп ойлой берем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: