super.kg logo

Аксы. Күрп-Сай, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарында эл электр жарыгысыз жашайт

 

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Күрп-Сай, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарында электр энергиясы жок. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Ак-Жол айыл аймагынын башчысынын орун басары Келдейбай Сатыбеков билдирди.

"Күрп-Сай, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарында электр чубалгылары тартылган эмес. Айылдыктар техникалык прогресстен артта калышты. Маалымат угуу, гезит окуу деген түшүнүктөн алыс калышты. К.Бакиев өлкө башында турганда канча электр мамысы керектелет, канча трансформатор орнотууга болот, ушул сыяктуу чыгымдары такталып, жалпы 36 миллион сом жумшалары аныкталган. Андан бери аракет кылган киши жок. Айыл аймактын атынан жыл сайын тийиштүү органдарга 5-6 жолу кат жазабыз. Жыйынтык жок. Айыл өкмөт эмес, облустук деңгээлде чечилчү маселе эмес. Республикалык масштабда иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл", - дейт К.Сатыбеков.

Эскерте кетсек, Күрп-Сай айылында 22 кожолук, Кызыл-Бейит, Кургакты айылдарында 117 кожолук жашайт. Аталган айылдарда калктын жайгашуусу 1850-1900-жылдарга туура келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
04.05.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалпы 36милион кетсе жылына бир айылга свет берсе 12милиондон жумшап 3жылда бутмок.Бакиев жаман дейбиз ачыгын айтканда ошол элдин акчасын жеген,канкор деген Бакиевтин убагында коп иштер жасалып кобу бутту эле а азыркы мактаган бийликчи соолуп калган гулдой болуп же бар болбоду же жок болбоду элди алдоо учун биз дуйнодо мынчанчы орун болдук деп казактардан астыга чыгып кетипбиз кантип эле ошончо бай онуккон казакстандан астыгы чыгабыз элестеткиле э кудай баарына инсап берсин чондорго
04.05.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заман бап учурда артта калган мекендештерибиз бар экенин укпапмын ото окунучтуу ушунча, атамбаевский кадрлар кылган иштеринен пайдай жок. Бир соз менен айтканда азыркы бийлик олкобузду жакырчылык сазына отургузду.
04.05.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакиевти кайра алып келип иштетиш керек мен лично за Бакиевтин убагында азыркыда кооп еле жакшы жашайт елек
04.05.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Барак Обаманы президент кылып шайлаш керек
04.05.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
21 кылым деп ким айтат!?Атамбаев креслого отуруп алып озун эле ойлойт экен.
04.05.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-апрель баатырларына рахмат айткыла эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: