super.kg logo

Япониянын ооруканаларында медайымдын кызматын аткарган роботтор иштей баштайт

 
Робот медайым
Лифтке өз алдынча түшүп, керектүү жолдорду табууга жөндөмдүү.

Япониялык компаниялардын бири медайымдын кызматын аткарган "Hospi" аталышындагы роботту жасап чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Hospi" аталышындагы роботту медайымдын деңгээлине жеткирүүгө компаниянын 12 жыл убактысы сарпталган. Роботтор медициналык борборлорго мурда эле алынып келип, өз кызматтарын көрсөтүп жатышкан, бирок алар адамдар менен байланышта иштеген эмес. Жаңы үлгүдөгү "робот медайымдар" оор абалда төшөктө жаткан бейтаптардын башын жууп, массаж жасоо менен бирге медициналык жардам бере турган функцияларга ээ. Алар Wi-Fi аркылуу иштеп, лифтке өз алдынча түшүп, керектүү жолдорду табууга жөндөмдүү.

Медайымдын кызматын аткарган "Hospi" сыноодон ийгиликтүү өтүп, "иштөөгө жөндөмдүү" деген сертификат берилди. Жакынкы арада аталган робот Япониянын жана башка мамлекеттин ооруканаларында кызмат кыла турганы маалыматта айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
04.05.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бара бара кинодогудай робутар менен адамдар урушуп кетсе керек
04.05.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апей булгар кантип массаж жасап баш жуушат
04.05.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мынаа сагаа замандын онукконуно тан калбай койалбайсын элестетип кеттимго роботтор торотуп атканын.
04.05.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Робот баары бир робот да ал кантип эле адамдын ишин аткарсын мисалы;Аялды торотсо ал баланы кармап коп жерине залакасын тийгизиши мумкун темир колдору башына доо кетирет мен азыр элестетип алып кыймыл аракетине кыжырым келип кетти жаны ооруп жаткан бейтапка кантип мамиле кылганды билбейт андан коро озун туруп роботко айтып башынды оорутуп олтурбай озун эле дары дармегинди ичип алсан ошол жакшы
04.05.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роботторду экспорттосо албай эле коюш керек Кыргызстан
04.05.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качандыр бир кезде медайымдардын иши жойулуп кетишине козум жетип калды.
04.05.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан качан ушундай даражага жетер экен а.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: