Анкара шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыргыз кызы Бишкектен табылды
Дайынсыз болгон Алтынгүл Ажибаева


Дайынсыз болгон Алтынгүл Ажибаева

Анкарада аталган кыздын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр жазылып, таратылган болчу.
Түркиянын Анкара шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы кыргыз кызы Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Айпери Сейитбекова аттуу кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 24-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Сокулук районунун 26 жаштагы Алтынгүл Ажибаева аттуу тургуну Анкара шаарынан жоголуп кеткен. "Анкарада жоголгон кыз табылды. Учурда ал Бишкек шаарында, бул тууралуу кыздын апасы билдирди. Аны издегендердин баарына рахмат", - деп жазды А.Сейитбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сүрөт ордунда турат.