super.kg logo

Аламүдүн районунда "үйдүн терезесинен кирип, 30 миң сомго бааланган буюмдарды уурдап кеткен" деген шек менен мурда соттолгон 2 аял кармалды

 

Аламүдүн районунда "үйдүн терезесинен кирип, 30 миң сомго бааланган буюмдарды уурдап кеткен" деген шек менен мурда соттолгон 2 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы О.Б. аттуу Көк-Жар айылынын тургуну кайрылган. Ал 2-майдан 3-майга караган түнү белгисиз адамдар анын үйүнө терезе аркылуу кирип, жалпы суммасы 30 миң сомду түзгөн үй оокаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 32 жаштагы А.А. жана 43 жаштагы Т.Э. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ме сага ай уяты жок аялдар силерден эмнелерди гана кутсо болот ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-04 16:19:42
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: