super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кичинекейимде атамдын чөнтөгүнөн уурдап акча ала берчүмүн, билчү эмес"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким эмне уурдап көргөн?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бир жолу апамдын алтын шакегине кызыгып, сурабай мектепке тагынып кетип калгам. Аны катып да жүргөм. Кийин апам таап алып, кайра менин жоготпой жүргөнүмө сүйүнүп, бетимден 3-4 жолу өөп жиберген".

"Майрамда бала-бакырасы менен туугандарды чакыргам. Анан эле телефонумду таппай калдым. Сиңдимдин телефонунан чалсам гудок кетип, эч ким албайт. Ызы-чуу салгым келген жок. Түнкү 11лерде конокторду узатып жаткан элем, бир эженин кызы сумкасын мага карматып коюп дааратканага кирип кетти. Бир убакта сумкасынан телефонумдун музыкасы угулду. Таң калып ачып карасам меники. Ал кызга айтпай кайра алып алгам".

"Кичинемде агамдын үйүнө барып калдык. Анын балдарынын оюнчуктарынын ичинде дүрбү бар экен. Мага аябай жагып калып, үйгө кетерде футболкамдын ичине катып алып, "алып кетем" деп чыр салганым эсимде".

"Мен 1-классымда атамдын чөнтөгүнөн 9 рубль уурдап кеткем. Мектептин жанындагы дүкөндөн балдар менен барып ар нерселерди алып чардаганбыз. Анан 1 рубль артып калып, үйгө алып баргандан коркуп, чөптүн арасына ыргытып жибергем. Эртеси билинип калып жакшы эле токмок жегем".

"Кичинекейимде атамдын чөнтөгүнөн уурдап акча ала берчүмүн, билчү эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.05.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай уурулар десеее)))
04.05.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Союз маалында бир рубль Чоон акча эле,,10 копеекке буфеттен бир стакан кампот бир коржик,алып жечубуз 20 копеек болсо досуна да жетчу,,жерден таап алчумун кээде уйго тушуп калса менчиктеп алчумун уурдаганда билип калса Ата-энем урушат дечумун,,бирок кандайдыр эле конок коп келчу го центрда жашачубуз аны-муну алып же деп берушчу тыйын узулчу эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: