super.kg logo

Чүй облусунун аймагында 10го жакын кыз-келиндер иштеген 2 сойкукана аныкталды

 

Чүй облусунун аймагында 10го жакын кыз-келиндер иштеген 2 сойкукана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда аталган башкармалыкка Кант шаарында жана Люксембург айылында көмүскө сойкукана иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кант шаарындагы жеке турак жайлардын бирин ижарага алып иштеткен Чүй облусунун 56 жаштагы Чолпон И. аттуу тургуну сойкулук менен алектенген 4-5 кыз-келин менен сойкукана иштетип жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле "Люксембург айылындагы турак жайлардын биринде сойкукана уюштурган" деген шек менен сойкукананын 34 жаштагы Юлия Э. аттуу администратору кармалган. Ал иштетип жаткан аталган жайдан да 18 жаштан 30 жашка чейинки 5 сойку кармалган.

"Сойкуканаларды уюштурган" деген шек менен кармалган Чолпон И. жана Юлия Э. аттуу жарандарга карата кылмыш иши козголуп, алар 2 суткага камакка алынган. Бирок соттун чечими менен алар тергөө амалдары аяктагыча өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде үйлөрүнө коё берилген. Аларга 50 миң сомдон өйдө айып пул салынышы мүмкүн. Сойкуканалардын, сойкулук менен алектенгендердин көбөйүшү мыйзамдын алсыздыгынан болууда. Биринчилери да, экинчилери да айып пул төлөө менен кутулуп, кайра эле өз иштери менен алектенишет. Учурда буга карата мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери көрүлүп жатат", - дейт Илипбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
04.05.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Долясын бербей койгон окшойт.Бул тангалыштуу эмес,шаарларда жамгырдан кийинки козокарындарга окшоп,ар кадамда толтура.
04.05.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыйзамды озгортсо анда жепжутарларга Жана чиновниктерге сойкукандан миллиондор тушпой кылбайбы.
04.05.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай ыймансыздардын айынан заман бузулуп, ар кандай апааттар коп болуп жатат. Карасан бир жакшына эле кыздар, ушундан коро кочо шыпыр, пол жуу ак эмгек, бешене терин менен. Бул дуйнонун оной, арам жолун тандап алып, чын дуйнодо тозок отуна куйкаланышты ойлоп жатат бекенсинер.?
04.05.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сойку кана табылды дейтко. Кыргызтанда биринчи жолу кармалып жаткандай. Ош шаарына барсанар ар бир райондо бирден сойку кана соссуз бар ИИМ дин кызматкерлери ошолорду да жаптырып админстраторлоруна коп суммадагы айып пул салса кичине болсо да сезгенип калмак
04.05.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базардын тегерегинде банялардагы иштегендер сойку эмеспи,,
04.05.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
лицензионный кош келиниздер СОЙКУКАНА дегендей
04.05.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сат,сат саат демекчи баарын сат!!
04.05.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалалабатта да толтура мындай "ишканалар",кээ-кээде текшеримиш болушат.Бул ишканаларды жабуу кыйын го?
04.05.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойку кана таптык деп мактанбай эле койгула. Бишкекте андай жайлар жакшынакай эле иштеп жатат ко. Жада калса кочодогу ар бир сойкунун крышасы милиция го. Убагында берчу акчасын бере албай калса эле кармап каласынар. А шаардагы сойку каналарды бут эле ХХХ озунор иштетесинер го.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-05 09:04:35
05.05.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir-bek, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Эскертүү!
05.05.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бербей койгонго булар э
05.05.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50миң сом айып пул? Ал акча ал жердин бир күндүк кирешеси да
05.05.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kubanaid, саламатсызбы?
Ката оңдолду, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: