Мушкер Адилет Бекеев Украинада өткөн мелдеште коло медалга ээ болду
Бокс
боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Адилет Бекеев (60 килограмм) СССРдин
спорт чебери Николай Мангердин элесине арналган эл аралык мелдеште коло медалга
ээ болду. Бул тууралуу аталган таймаштын расмий сайтында жазылган. Мелдеш
26-мартта Украинанын Херсон шаарында өткөн. Ошондой эле 56 килограмм салмактагы
мушкерлердин арасында кыргызстандык Медер Мамакеев финалга өткөндүгү маалым
болду.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.