super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз Республикасында корукка алынып, Кызыл китепке кирген айгүл гүлү Москвада эки түп болуп өсүп турат

 

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда өскөн айгүл гүлү Орусиянын Москва шаарында эки түп болуп өсүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Кызыл китепке кирген айгүл гүлү Орусиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында өсүп турат.Учурда гүлдүн гүлдөөчү мезгили экен. Жанаша өскөн гүлдүн бири гүлдөп турат. Экинчиси гүл ача элек. Эң кызыгы, эки даана гүл жанаша өскөн. Айланада мындан башка айгүл гүлү көрүнбөйт. Кыргыз эли сыймыктанып келген гүлдү биздин өлкөгө баргандар тамыры менен жулуп келип отургузуп койсо керек", - дейт окурман.

Маалымат үчүн: Гүлдүн бою бир-бир жарым метрге чейин жетип, уругу жерге түшкөндөн кийин жети жылдан соң гана гүл ача баштайт. Кызгылтым-сары түстөгү коңгуроочолорунан гүлдүн канча жашта экенин билүүгө болот. Айгүл гүлү гүл ачкандан тартып жыл сайын ага бир коңгуроочо кошулуп отурат. Айгүлдүн гүлдөө мезгили жаздын апрель айларына туура келет. Бул гүл Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген.

Белгилей кетсек, ботаникалык илим изилдөө адистеринин айтымында, айгүл гүлү Кыргыз Республикасында, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстанда жана Индиянын Кашмир аймагында өсөт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эмне болот?
05.05.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол гүлдү көргөн адам кечинде жулуп кетиш керек эми смартфон ошондо тиет
06.05.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал гулду тамыры м.н жулуп кайра Кыргызстанга алып келиш керек
06.05.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан уурдап кетишкенго э?
07.05.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Айгул гулуно окшош экен! дал озундой эмеско билбейм мен бир аз эле окшоштурдум...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: