super.kg logo

ОНЛАЙН: Кызганыч тууралуу баяндалган "Ызы-чуу" кинокомедиясы жабык форматта көрсөтүлдү (фото)

 

12:55. "Ызы-чуу" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жабык эшик артында көрсөтүлүп бүттү. Тасмада Жыргал аттуу кызганчаак эркек тууралуу баяндалат. Көрүнгөн эркектен шек санап, аялын кызганып жатып башкы каарман жумушунан, жакын досунан, аялынан да ажырамак болот. Жаш түгөйлөр бири-бирине ишениши керек, ашыкча кызгануу баарын жокко чыгарып, үй-бүлөнү бузуп коюшу мүмкүн деген ой комедия аркылуу берилет.

11:15. Режиссёр Эрнест Абдыжапаров тасманын жаратуучулары жөнүндө сөз сүйлөдү. "Бүгүн Саната Жумакадырова тасманын продюсери экенин, Кубат Шамшиев режиссёру экенин билдим. Кубат Шамшиевди таланттуу режиссёр катары билем. Жаңы чыгып келе жаткан таланттарды колдой билели, ошондо өнүгүү болот. Сын айтылат, бирок чыгармачыл топту колдоо керек. Ошондо кыргыз киносу өнүгөт", - деген оюн айтып, чыгармачыл топту куттуктап өттү Абдыжапаров.

11:10. Тасманын продюсери Саната Жумакадырова сахнага чыгып, келгендердин баарына ыраазычылык билдирүү менен тасманын ачылыш аземин ачып берди. "Тасмага жалаң профессионал актёрлор катышты, бир эле мен профессионал эмесмин" деген тасманын продюсери сахнага Эрнест Абдыжапаров баш болгон режиссёрлорду чакырды.

Саната Жумакадырова тасманы жарыкка чыгарууда колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирип, сахнада көрүүчүлөргө чыгармачыл топту тааныштырды. Андан соң "Ызы-чуу" комедиялык тасмасын көрсөтүү башталды.

10:50. Бүгүн, 5-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Ызы-чуу" комедиялык тасмасы жабык форматта элге көрсөтүлгөнү жатат. Азыр залга атайын чакырылган коноктор, тасманын жаратуучулары, шаар тургундары, медиа өкүлдөрү жана башкалар келип жатышат.

Тасмада башкы каармандын образын жараткан Өмүрбек Назаралиевдин айтымында, комедия аркылуу жаштарга тарбиялык мааниси бар тасма көрсөтүүнү максат кылышкан.


кошулду





"Ызы-чуу" тасмасы жабык форматта көрсөтүлүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soonun kytgyz kinosu onugup oso bersin
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: