Бишкектеги соода борборлорунун биринен күрмө уурдоого шектелген жаран кармалды
Бишкектеги соода борборлорунун биринен күрмө уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Ч.М. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал соода борборлорунун бириндеги кийим-кече сатуучу дүкөндөн белгисиз адамдар 3190 сомдук күрмөнү уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 26 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.