super.kg logo

СУПЕРСТАН: Сынык идишке тамак ичсе бактысыз болуп калабы?

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдар кетирген катачылыктар" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сынык жерге микроб кирип, ошол жерден көбөйө берет. Сынык жердин ичин жууй албайсың да. Химикаттардын калдыктары да топтолуп калат. Ар тамак ичкен сайын ошончо микробду кошо ичесиң".

"Сынык идишти колдонбогонго аракет кылам. Сынык идиште тамак ичүү, угушумча, рак оорусунун келип чыгышына себепчи болот".

"Бактысыз болуп калат" деп көп уккам".

"Сынык идиштен ичсе кедей болуп калат" деп айтып калышчу, ошол себептүү мен да колдонбойм".

"Сынык идиш бактысыз кылат" деген бекер кеп. Ичкен адам зыян тартып калышы мүмкүн, эрдин же колун тилип. Конокко да азыр жетиштүү заманда сынык идишке тамак узатуу уят".

"Сынык идишти колдонгонго болбойт" дегени чындык. Ата-бабаларыбыз да ар кандай ырым-жырымды айтып келген. Так далил: идиштин сыныгында микробдор көбөйүп кетет, анткени сынганда же жарака пайда болгондо коргоп турган катмары бузулуп калат".

"Менде да ошондой түшүнүк бар, "сынык идиш колдонсо, жашоосу сынык болот" деген. Колдонбойм, кичине жери сынса эле дароо ыргытам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.05.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай нерселерге ишенбегиле туугандар сынык идиш колдонсон-сынык идиш колдонгон эле болосун. Эч качан кедейлик же бактысыздык сынык идиштен болбойт, ал алладан гана деп билгиле "ширк"болуп калат. ширк келтирген кечирилгис куноо. Сынык идиш колдонсон "просто некрассиво" бутун идиш турганда.
06.05.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Просто не этично . Конок келсе сынык чыныга чай куюп атсан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: