super.kg logo

Бишкекте "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деп шектелген 19 жаштагы келин убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

 
Уулун үйүнөн уурдаткан жабырлануучу жашаган батир.
1,5 жаштагы баланын апасы комментарий берүүдөн баш тартты.

Бишкекте "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деп шектелген 19 жаштагы келин 2 суткага камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов билдирди.

“Кылмышка шектүү катары кармалган 19 жаштагы С. кызы Г. 48 саатка камакка алынды. Эртең бул иш сотко өткөрүлүп, андан аркы жазасын сот чечмекчи. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт М.Асанов.

Бүгүн бул иштин чоо-жайын билүү үчүн наристенин апасынын үйүнө барганбыз, бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты. Баланын апасы менен болгон кыска маегибизде өзүн жабырлануучунун сиңдиси катары тааныштырган кыз төмөнкүлөрдү билдирди: “Ал күнү мен үйдө дос балам менен отургам, анан үйгө Жазмина (ред. кылмышка шектүү) келген. Ал "дүкөнгө барып келейин" деп баланы алып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аны бала менен кошо кийинки күнү милиция кызматкерлери кармап келишти. Милиция бөлүмүнө барганда анын аты Жазмина эмес, Гүлмира экенин билдик”.

Айта кетсек, 4-майда "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө үйүндө наны жок, ооруп жаткан баланы айыктырып,
дары-дармектерди берип, анан апасына кайтарып берем деген ой менен үйүнө алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала ооруп жатса балдар мн свиданиеде журот.Уйдо наны жок экен баланын курсагы кантти эх...эне болбой жерге кир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: