Ала-Бука районунда бир тууган наристелер сууга чөгүп каза болушту

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сапалак айылында 1,5 жаштагы жана 2,5 жаштагы бир тууган наристелер сууга чөгүп каза болушту. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталына билдиришти.
"Ала-Бука районунун Сапалак айылында бир тууган наристелер кошунасы кыш куюуга даярдап казып койгон аңдагы сууга чөгүп каза болушту. Бир туугандардын кичинеси желим бөтөлкөгө суу алам деп барып сууга кулап түшкөндө, агасы аны тартам деп ал да чөгүп кетиптир. Ата-энеси милицияга кайрылып, 2 саат аралыгында балдарын аңдагы ылай суудан табышкан. Соңку убактарда жамгыр жаап, казып койгон аңга суу толуп калган экен", - дешет жергиликтүү тургундар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

ата-энесине сабыр