super.kg logo

Бишкекте "небересин катуу ур-токмокко алган" деген шек менен кармалган аялдын күнөөсү далилденген жок

 
"Фейсбуктун" колдонуучусу чыгарган сүрөт.
"Фейсбуктун" колдонуучусу чыгарган сүрөт.

Бишкекте "небересин катуу ур-токмокко алган" деген шек менен кармалган аялдын күнөөсү далилденген жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Кечээ, 5-май күнү Бишкек шаарынын Бегимай Исаева аттуу тургуну "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасына маалымат калтырган. Анда ал анын бир кабат ылдый жашаган кошунасы кызын катуу сабап жатканын билдирген. "Элдер! Менин бир кабат ылдый жашаган коңшум пайда болду. Ал кичинекей небереси менен 6-кичи райондо жашайт. Аял спирттик ичимдиктерди ичип, небересин катуу сабап жатат. Кыз ыйлай берет, анын дайыма кечирим сурап жатканы угулат", - деп билдирген Исаева.

"Бул билдирүүнүн негизинде аталган дарекке аймактык тескөөчү, Жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекциянын өкүлү барып тиешелүү иш-чараларды өткөргөн. Иликтөө иштеринин алкагында ал аял кыздын таенеси экени аныкталган. Кыз №3-шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан өткөрүлгөн. Дарыгерлер анын денесинен эч кандай жаракат, көк ала тактарды тапкан эмес. Алар кыз ыйлаак, чыргоо экенин да кошумчалашкан. Ошол себептен улам кыз таенеси менен үйүнө жиберилген", - деп билдиришти күч органдарынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.05.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Такталбаган малыматты тараткан кызгада чара корсо жакшы болмок ошондо класс бас деген балээден алыс ойнойт
07.05.2016. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто болгон го.Одноклассникке кирсен класс баскыла деп эч мааниси жок эки создун башын кошуп алып озун зор сезгендер коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: