Түркиянын премьер-министри кызматынан кетти
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу кызматынан кеткенин 5-май күнү өткөргөн маалымат жыйынында жарыялады. Айрым маалыматтарга караганда, Давутоглунун кызматтан кетүүсүнө өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган менен болгон саясий тиреш түрткү болгон.
"Мындан кийин да өкмөт башчылыкка талапкер болбойм", - деп жооп берди ММК өкүлдөрүнө. Ошондой эле ал Түркиядагы башкаруучу "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын лидерлигинен да кете турганын айтты. Аталган партия 22-майда курултайга чогулуп, жаңы талапкерди алып чыкмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















