Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун жер көчкү жана сел орун алган райондорун кыдырат
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-7-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болот. Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы жакын арада сел жүргөн Аксы районуна барат. Ошондой эле Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барып, кырсык кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат.
Жер-жерлердеги абал тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери беришет. Иш сапардын алкагында Жээнбеков Бишкек-Ош унаа жолунун абалы менен таанышмакчы. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















