super.kg logo

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксыга келсе, жүздөгөн тургундар жолун тосуп чыгууну пландап жатышат

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксыга келсе, жөлөк пулдун кыскарышына нааразы болгон жүздөгөн адамдар жолун тосуп чыгып, арыз-муңдарын айтууну пландаштырып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов билдирди.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксыга келсе, жүздөгөн адамдар жолун тосуп чыгып,
жөлөк пулдун кыскарышына нааразылыгын билдирүүнү көздөп жатышат. Анткени Жүзүмжан, Көпүрө-Башы айылдарынан 200гө жакын жаш үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулдарын Аксы райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн адистери атайын сапардын жүрүшүндө кыскартып салышкан. Ансыз да Кара-Суу эли кыйын турмушта жашап жатат. Жөлөк пулдун кыскартылган тизмесинде 3-май күнү селден жабыр тарткандар да бар", -
дейт Тилеген Керимкулов.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жаңы-Жол, Кара-Жыгач айыл аймактарында жана Кербен шаарында элдик жыйын жана митингдер өткөрүлүп, жөлөк пулду кыскартпоо боюнча талаптар коюлган. "Эгер талаптар аткарылбаса, 20-майда кайрадан митингге чыгабыз" деген чечим Жаңы-Жол айылында өткөн элдик жыйында чыгарылып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жиберишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
06.05.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Не эл селди пример-же окмот атайлап жасаган жокта
06.05.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөлөк пул боюнча жообу даяр Жээнбековдун мен иштей баштадым барып өз көзөмөлүмө алам дейт бүттү кутулат.
06.05.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aianaaiana, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 1 күн БАН!
keba300989, жеке билдирүүнү купуя менен!
06.05.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бугун Аксыда болдум. Жолдун баары эле милиция,гаилер толуп алышкан. Ушул убака чейин жамалбаган асфальттын жыртыктарын жамашып, жол жеектерин тегиздеп суруп жанталашып эле атышат эле корсо МЧС министри келиптир.
06.05.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала ыйлабаса эмчек кайда дегендей, айтышсын койгойлорун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: