Бишкектеги Боордоштор көрүстөнүндө согушта жаракат алган 300гө чукул жоокердин сөөгү көмүлгөн










Бүгүн, 6-майда Бишкектеги Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына карата митинг-реквием орун алды. Шаар мэри Албек Ибраимов өз сөзүндө бул жайга согушта алган жаракаттарынан улам каза тапкан 248 жоокердин сөөгү коюлганын белгиледи.
Алардын катарында кыргыздын гана уулдары эмес, орус, украин, казак жана башка улуттун өкүлдөрү да болгон. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чарага шаар мэринен тышкары Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько, Беларустун Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко, Казакстандын кыргыз жериндеги элчиси Айымдос Бозжигитов, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, согуштун ардагерлери жана башкалар катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Бул жайга согушта алган жаракаттарынан улам каза тапкандар коюлгандыктан, тема ушундай аталган.