Ош шаарында эл аралык бизнес жарманкесине 60тан ашык ишкана өз продукциясын алып чыгат
7-8-май күндөрү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында II Эл аралык бизнес-жарманкеси өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген ишкерлер катышат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеде фирма-заводдордон чыккан продукциялар, курулуш материалдары дүң баада сатылып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууга жана кеңири маалымат алууга шарт түзүлөт. Жалпысынан 60тан ашуун компания өз продукциясын жарманкеге алып чыгары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.