super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун өстүрүп, алардын иштөө шартын жакшыртуу керек”

 

30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Ош облусундагы иш сапарында Кара-Кулжа районунун Калинин, Кара-гуз сындуу бир катар айылдарында жергиликтүү калктын турмушу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, элет жериндеги маселелер жаатында пикир алышты. Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мал этинин баасынын түшүп кеткендигин айтышып, сырттан ташылып келинген буйвол этинин көлөмүнүн өсүшү жергиликтүү калк тарабынан өндүрүлгөн эттин өтүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын айтышты. “Бул маселе Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, эт импортуна таптакыр тыюу сала албайбыз, бирок анын көлөмүн азайтса болот”,- деди Жээнбеков. Ал эми паспорт алуудагы кыйынчылыктарды айткан тургундарга төрага "мамлекеттик кызмат адамдарынын жаңы муунун өстүрүп, алардын иштөө шартын жакшыртуу керек, ошондо гана алгылыктуу натыйжаларга жетише алабыз" деп жооп берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: